Баалоо Карта 7 категориядан турат, ал 30-дан ашык индикаторлорго бөлүнгөн. Ар бир индикаторлордун айрым критерийлери бар,
саламаттык сактоо уюмдар бул критерийлерге дал келгенде балл алууга ээ болот.
Баалоо Карта медициналык тейлоонүн сапатын 7 категория боюнча баалайт. Максималдуу балл 1000 балл түзөт.
Көрсөтүлгөн жылуулук картасы саламаттык сактоо уюмдун ар бир категория боюнча тапкан кварталдык чыныгы бааларды жана баллдарды пайыздык үлүшүн көрсөтөт.
Ар бир категория айрым баллдарда ээ. 2015 жылдын Август айында Балоо Картаны кайрадан карап чыккандан кийин категорияларга жана индикаторлорго берилген
баллдардын саны өзгөрүлгөн. Төмөндөгү тизме ар бир категорияга берилген максималдуу баллды көрсөтөт. Биринчи чоңдук - 2014 жылдын 2 кварталынан баштап 2015
жылдын 2 кварталына чейин колдунулган баллдарды белгилейт, ал эми экинчи чоңдук - 2015 жылдын 3 кварталдан баштап колдонулган баллдары белгилейт.
1. Менеджмент, гигиена жана инфекциялык контроль (310 балл, 270 балл)
2. Окутуу, потенциалды жогорулатуу жана китепкана (60 балл, 60 балл)
3. Пациенттердин канаттандыруусу (100 балл, 100 балл)
4. Сапатты камсыздоо (130 балл, 130 балл)
5. Хирургия (50 балл, 80 балл)
6. Төрөт бөлүмү (200 балл, 195 балл)
7. Беш жашка чейин балдар жана ымыркайлар (150 балл, 165 балл)
Түс градиенти баага карата өзгөрөт. Баа канчалык жогору болсо, түс ошончолук кочкул болот. Ошондой эле, баа канчалык төмөн болсо, түс ошончолук ачыкыраак болот.