Калк

Тейлѳѳнүүчү калк

2892374

Тѳлѳмү менен уюм

1539601

Тѳлѳмсүз саламаттык сактоо уюм

1352773

Кыргыз Республикасы сапаттуу саламаттык сактоого карай. Медициналык жардамдын сапатын жакшыртууу боюнча КР Саламаттык Сактоо Министрлиги жана ММКФ альтернативдүү мамилелерди изилдөөдө.

Кыргыз Республикасы Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын жана саламаттык сактоодо жыйынтыктардын негизинде инновациялык мамиле боюнча Донорлордун Көп Тараптуу Траст Фондусунун колдоосу менен өлкөдөгү райондук аймактык ооруканаларда Жыйынтыктардын Негизинде Каржылоо аттуу сынамдык долбоорго киргизген. Программанын максаты - аймакттык ооруканаларга кайрылган калкка, өзгөчө эне жана балага берилген медициналык жардамдын тейлөө сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Долбоор квартал сайын байкоо жүргүзүүнүн негизинде ар бир ооруканын ишмердүүлүгүн баалоонун ачык-айкындыгын жана адилеттүүлүк процессин баалоону камсыз кылуу үчүн колдонулган Баалоо Картасын пайдаланат.

Жыйынтыктардын негизинде алынган упайларына жараша оорууканалар медициналык тейлөө сапатын жакшырту үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү каржылык жактан түрткү берүүчү төлөмдөрдү алышат.

Сынамык долбооруна 43 аймактык оорукана жана Жалпы врачтар практикалык борборлору катышууда, алардын ар биринде медициналык тейлөө сапаты квартал сайын бааланат. Алардын ичинен 22 оорукана (1-группа) кварталдык баа берүүнүн жыйынтыгынын негизинде алган упайларына жараша каржылык түрткү берүүчү төлөмдөр чегерилет. Ал эми калган 21 ооруканада (2-группа) медициналык кызматтын сапатын тейлөө квартал сайын бааланат, бирок каржылык төлөмдөр берилбейт. Бул топ ооруканаларда медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга каржылык түрткү берүүчү төлөмдөрдүн таасир этүү деңгээлин аныктоо үчүн кызмат кылат.

Тѳлѳмү менен саламаттык сактоо уюмдар
Тѳлѳмсүз саламаттык сактоо уюмдар
Долбоордун башынан баштап баардыгы тѳлѳмдѳр

521007955 СОМ

6838295 АКШ Доллар

22 саламаттык сактоо уюмдарга тѳлѳндү

Акыркы жаӊылыктар